Амангельдиев Данияр Жолдошевич

Амангельдиев Данияр Жолдошевич (30 март 1982-жыл; Чуй айылы Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, 18-декабрь, 2024-жыл. Экономика жана соода министри. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти (2024)[1].

Амангельдиев Данияр
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары
желек
желек
 18-декабрь, 2024
(м. а. 16 — 18 октябрь 2024)
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Касымалиев Адылбек
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри
желек
желек
13-октябрь, 2021 — 16-декабрь, 2024
Андан мурунку: кызматы түзүлдү
Андан кийинки: Сыдыков Бакыт
Желек
Желек
Токмок шаарынын мэри
17-март, 2018 — 17-март, 2020
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: ислам
Кесиби: экономист

Өмүр баяны

түзөтүү

1982-жылы 30-мартта Чүй районунун Чүй айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган.

2003—2004 жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Инвестициялык саясат департаментинин мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун баалоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн стажеру.

2004—2006 жылдары — Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр жай, экономикалык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2006—2007 жылдары — Кыргыз Республикасынын Туризм, соода, өнөр жай министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, башкы адиси.

2007-жылы — Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программалары башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар программаларынын долбоорлорун баалоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2007-жылы — Кыргыз Республикасынын Соода жана экономикалык өнүктүрүү министринин жардамчысы.

2007—2010 жылдары — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Соода өкүлчүлүгүнүн бащкы адиси.

2010—2012 жылдары — Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу.

2012—2013 жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жергиликтүү бюджет бөлүмүнүн башчысы, өз алдынча капиталдык салым бөлүмүнүн башчысы.

2013-жылы — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик секторунун чыгымдарды пландаштыруу башкармалыгынын начальниги. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегия мүчөсү.

2018—2020 жылдары — Токмок шаарынын мэри; 2021-жылдын 17-августу – Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика министринин орун басары.

2021-жылдын 13-октябры — Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри[2].

2024-жылдын 18-декабры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары[3][4].

Булактар

түзөтүү