"Америкада бир кезде" (англ. Once Upon a Time in America, орус. Однажды в Америке) - 1984-жылы чыккан италия-америкалык эпикалык кылмыш драма тасмасы. Режиссеру жана сценарийи италиялык кинорежиссер Сержио Леонеге таандык жана башкы каармандардын ролун Робер Де Ниро, Жеймс Вудс жараткан. Тасма Гарри Грейдин "Капюшон" атту романынын негизинде, Нью Йорктогу кылмыштуу топтортордун арасында абройго ээ болгон геттонун жаш жөттөрү тууралуу баяндайт. Тасма бала чактагы достук, сүйүү, эңсөө, ач көздүк,көзүнө чөп салуу, жоготуу, бузулган мамилелер жана АКШнын коомчулугундагы кылмышкерлердин көбөйүшү сыяктуу темаларды ачып берет.

Бул С. Леоненин жана эмгек жолундагы акыркы көркөм фильми жана 13-ж.аралык ичинде режиссерлук кылган көркөм тасмасы болгон. Оператору Тонино Дели Коли, музыкасы Эннио Морриконеге таандык.

С. Леоне башында үч сааттык эки тасма тартууну, андан кийин 269 мин. бир тасма тартууну ойлонуштурган, бирок таратуучулар тасманы 229 мин.кыскартууга көндүрүшкөн. Америкалык таратуучу The Ladd Company тарабынан тасма 119 мин.чейин кыскартылып, Леонени катыштырбастан окуяларды хронологиялык метод менен эле которуп коюшкан. Кыскартылган вариант АКШда сынга кабылган жана кирешеси төмөндөгөн. Эки вариантын тең көргөн сынчылар, киргизилген өзгөртүүлөрдү кескин сындашкан. Түп нускасы болгон "Европалык версия" сынчылардын сүймөнчүгүнө айланып, бардык мезгилдердин эң мыктысы кылмыштык тасмасы деп табылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү