"Америкалык гангстер" (англ. American Gangster, орус. Гангстер) (2007)- Америкалык тарыхый криминалдык драма, тасманы тарткан жана продюсери Ридли Скотт, сценарийин жазган - Стивен Зеллиан. Тасмада Түндүк Каролинадан чыккан Френк Лукас аттуу криминалдык төбөлдүн Вьетнамдагы согушунан кайтып жаткан кызматтык учактар менен Америкага контрабандалык жол менен героин ташуусу, акырында детектив Ричи Роберт баштаган оперативдик топ тарабынан кармалгандыгы тууралуу окуяны баяндайт. Тасмада башкы каармандарды Рассел Кроу жана Дензел Вашингтон чогуу ойношот. Бул алардын1995- жылкы "Виртуоздуулук" тасмасынан кийинки чогуу оюну. Ошондой эле тасмада Тед Левин, Жош Бролин, Чиветел Эжиофор, Норман Ридус, Руби Ди, Лимари Надаль, Куба Гудинг Жуниор ойногон.

Тасманы тартуу идеясы 2000 жылдары башталган, Universal Pictures менен Imagine Entertainment Нью Йорк журналынан Лукастын окуясын сатып алышкан. Эки жылдан соң, Стивен Зеллиан 170 беттен турган сценарийдин кол жазмасын Скоттко тааныштырган. Бюджетке ылайык тасма Торонтодо тартылмак, бирок студия Нү-Йоркко туруктуу жайгашып калат. Universal тасманын улам өсүп бараткан бүджетин камсыздай албай, 2004 жылы токтоткон. Терри Жорж менен келишимден кийин тасма кайра жанданып, 2005-жылдын мартынан баштап өндүрүштү Р. Скотт жетектейт. Тартуу иштери 2006 жылдын июлунан декабрга чейин беш айга созулуп, Нү-Йоркто башталып, Таиландда тартылып бүтөт.

Америкалык гангстер тасмасы жыйырма бир наамга ат салышкан, анын ичинде "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты режиссер" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" (Руби Ди ) наамдарына көрсөтүлгөн. "Киноактерлор гильдиясынын сыйлыгы" көрсөткөн "Экинчи пландагы актрисанын эң мыкты ролу үчүн" менен кошулуп 3 наамды жеңип алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү