Америка футболу – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90х49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочуларжана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. Америка футболу 1869-70-ж. АКШда пайда болгон. 1900-жылдан баштап Америка футболу колледж жана университеттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-ж. Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши - Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү