Аминдер – аммиактагы (NH3) суутек бир, эки же үч атомунун орг. радикалдар (R) менен орун алмашуусунан пайда болгон бирикмелер. Суутек менен орун алмашкан атомдун санына жараша биринчилик RNH2, экинчилик RRNH жана үчүнчүлүк RRRN А-ге бөлүнөт (мында R, R, R окшош же ар башка болушу мүмкүн). А. радикалдар түзүлүшүнө жараша алифаттык (метиламин СН3NH2), алициклдүү (циклогексиламин С6H11NH2), ароматтык (фениламин же анилин C6H5NH2) жана гетероциклдүү (a-аминопиридин C6H4NNH2) болуп айырмаланышат. Мол-сындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три- жана полиаминдер деп аталат. Жөнөкөй А. – аммиак жыттуу газдар, ири мол. массалуу А. – суюктук жана катуу заттар. А. негиздик касиетке ээ, алкиламиндердин негизги касиеттери ариламиндердин негизги касиеттерине караганда күчтүү; к-талар менен сууда эрүүчү туздарды пайда кылат:

RNH2+ HCI  [RNH</nowiki>3]CI

Биринчилик жана экинчилик А. карбон к-талары, алардын ангидриди, хлорангидриди же татаал эфирлери менен ысытканда ацилдешип, амиддерди пайда кылат:

RNH2+CH3COOH  RNHCOCH3+H2O Ацилденген амитдер начар негиздик касиетке ээ. HNO2 таасири менен алифаттык биринчилик А. азот менен сууну бөлүп чыгарышып спиртке, экинчилик А. - N-нитрозаминге айланат. Үчүнчүлүк А. HNO2 менен реакцияга кирбейт. Биринчилик ароматтык А. кычкыл чөйрөдө HNO2 менен аракеттенип, диазоний туздарын пайда кылат:

ArNH2+HNO2+ HCI  ArN2+ CI- + 2H2O Ушундай эле шартта экинчилик ароматтык А. N-нитрозаминдерге айланат. Алифаттык биринчилик жана экинчилик А. СI2 жана Br2 менен аракеттенишип, N-галоген орун алмашкан туундуларын пайда кылат Биринчилик А. фосген COCI2 менен изоцианаттар RNCO же мочевина суутек эки атому орун алмашкан туундуларын NH2CONR2, экинчилик А - суутектин төрт атому орун алмашкан туундуларын R2NCONR2 берет. Биринчилик А. альдегиддер менен азометиндердин (Шиффтин негиздери) пайда болушу менен оңой аракеттенет, мис., С6Н5СНО+H2N-C6H5C6H5CH=N-C6H5+ H2O Ө. ж.-да аминдерди негизги синтездөө жолдору:

1) 300-500оС катализатор катышуусунда, спирттерге аммиакты таасир этүүдөн биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк А. аралашмасы пайда болот:

ROH ROH ROH + NH3 RNH2  R2NH  R3N Эгерде аммиактын ордуна биринчилик жана экинчилик А. колдонсо, экинчилик жана үчүнчүлүк А. пайда болот. Бул метод аминолиз деп аталат жана N-алкил жана N,N-диалкиланилинди алууда кеңири колдонулат.

2) Нитрилди катализатор (Ni, Co) менен 100-130оC гидрирлөө:

RCN + H2  RCH=NH + H2  RCH2NH2 Бул метод ири массалуу биринчилик жана экинчилик алифаттык А. алууда да колдонулат.

3)Нитробирикмелер калыбына келтирүү: ArNO2 + 3H2  ArNH2 +2H2O Cуутек менен калыбына келтирүү суюк же буу фазада катализаторлор катышуусунда (Ni, Pt, Pd) ишке ашат. Бул реакция биринчилик ароматтык А. алууда колдонулат.

4) Алифаттык жана ароматтык карбон к-талары амиддерин СI2, Br2 же I2 щелочтогу эритмелери менен реакцияга киргизүүдө, биринчилик А. алынат да, көмүртек чынжыры бир атомго кыскарат (Гофман реакциясы). А. өнөр жайларда боёктор, дары-дармек заттар, капрон, найлон булаларын алууда, пестициддерди, абсорбенттерди өндүрүүдө кеңири колдонулат. Алифаттык А. нерв системасына зыяндуу. Ароматтык А. метгемоглобин пайда болушуна себеп болот. Кээ бир ароматтык А. канцерогендүү заттар (мис., a-нафтиламин, бензидин, 4-аминобифенил) болгондуктан, адамдын табарсыгынына рак оорусун пайда кылышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү