Аминов Паша 1922-жылы Грузияда туулган.

  • 1942-жылы Улуу Ата мекендик согушка жөнөтүлөт.
  • Краснодар крайында 3 айлык даярдыктан өткөндөн кийин, урушка кирет.
  • Согушта бир канча жолу жарадар болот.
  • Айыгып чыккандан кийин эле кайрадан согушка кирип, Европанын көп шаарларын бошотууга катышып, Берлинге чейин жетип, жеңишти ошол жерден тосот.
  • Согуш бүткөндөн кийин, Польшада комендатурада эки жыл кызмат өтөйт.
  • Кызматын аяктап, туулган жерине келип, туугандарынын баарысы атайын көчүрмө (спец. переселение) болуп, Орто Азияга келгенин угат.
  • Көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, 2 жылдан кийин жакындарын, Өзбекстандан табат.
  • 1961- жылы Багыш айылына көчүп келишет да, алгач колхоздо, андан кийин, “Дружба” совхозунда ар кандай тармактарда үзүрлүү эмгектенип келген.
  • Согуштагы каармандыгы үчүн, “Улуу Ата мекендик согуштун” 1-даражадагы ордени, “За отвагу”, “За взятие Варшаву”, “За взятие Берлина” жана башка көптөгөн медалдардын ээси болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3