Аминфенолдор, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү органикалык. бирикмелер. Молекулалык салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°C, мета 128°С, пара Аминофенолдор. Абада орто жана пара Аминофенолдордун изомерлери кычкылданып, кочкул-күрөң түскө өтөт; мета изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; кислоталар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. орто Аминофенолдор кислотанын ангидриддери менен реакцияга кирип,гетероциклдүү бирикмеге өтөт. Пара Аминофенолдор күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, пара-бензохинолду пайда кылат. Аминфенолдор метаминсульфоктасынынNa тузунан, ошондой эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү