Аммонийлештирилген суперфосфат

Аммонийлештирилген суперфосфат (CaHPO4+NH4H2PO4) – курамында фосфор жана азоту бар татаал минералдык жерсемирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу менен алынат. Анда 14 % фосфор, 2 % азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш жана татаал жерсемирткич алууда жакшы компонент. Кыргызстан дыйканчылык илимий.-изилдөө. институтунун сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жерсемирткичке караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. тех. өсүмдүктөрдөн мол түшүм алынаарын көрсөттү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү