Аммоний нитраты
Аммоний нитраты (аммиак селитрасы), NH4NО3 – азот кислотасынын аммоний тузу. NH4NО3 - температурага жараша ар түрдүү модификацияга ээ болуучу түссүз кристалл, тыгзд. 1,725 г/см³, эрүү t 169-170 °С. Андан жогорку температурада ажырайт. 300 °С жогорку температурада жарылат. Сууда, метанолдо, этанолдо, пиридинде эрийт. Нымды өтө тез тартып алат. Суудагы эритмелери кычкыл реакцияны берет. А. н. суюлтулган азот кислотасына аммиакты кошуу аркылуу алынат. Азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6