Аммоний хлориди
Аммоний хлориди нашатырь, NH4СI – түссүз кристалл. 338оС аммиакка жана хлордуу суутекке ажырайт. Сууда, суюк аммиакта жакшы эрийт. 100оС каныккан эритмесинин кайноо t 116оС. Суудагы эритмелери кычкыл чөйрөнү көрсөтөт. Аммиак менен туз к-тасынын аракеттенишинен алынат. Гальваникалык элементтер жасоодо, металлды чайкоодо, данакерлөө ишинде, жүрөк орууларына каршы дары катары жана жер семирткичтерди алууда колдлнулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6