Ампер-саат
Ампер-саат – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 амперметр-саат болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. Ампер-саат эл аралык системада A4h, орусчасы АЧч, кыргызча АЧс деп белгиленет. Ампер-саат менен көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1