Ампер мыйзамы ― магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн ∆l бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу мыйзам: F = kIB ∆l sin ⍺ , мында a магнит индукциясы менен токтун элементинин IDl арасындагы бурч. Вектордук ампер мыйзамы dF = [idl ∙ B] түрүндө жазылат.

Бул мыйзам 1820-жылы ачылган. Француз физиги Ампер F күчүнүн чоңдугу ток күчүнө (I) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (∆l) пропорциялаш экендигин далилдеген. ∆F вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.

Булактар түзөтүү