Ампер теоремасы
Ампер теоремасы — өтө жука магнит баракчасынын («магнитный лист») магнит талаасы анын контуру боюнча туюк токтун магнит талаасына эквиваленттүүлүгүн аныктоочу теорема.
Ампер теоремасын 1820-ж. А.Ампер далилдеген. Магнит баракчасын түзгөн элементардык магнетиктердин магниттик моменттеринин тыгыздыгы i ток күчүнө барабар болсо, анда туюк токтордун магнит талаасын (диполь түрүндө алынган) жалган «магнит заряддардан» түзүлгөндөй элестетсе болот.
Булактар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0