Амплитудалык модуляция
Амплитудалык модуляция — электрдик, механикалык жана башка термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили менен өзгөрүшү. Ал негизинен радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн температурасын өзгөртөт. Мисалы, радиоберүүлөрдө үн толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн амплитудасын мезгил-мезгили менен өзгөртүп турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1