Амур маданияты
Амур маданияты – неолит дооруна (биздин заманга чейинки 5- жана 1 миңинчи жылдыктын башы) таандык, Амур дарыясынын ортоңку жана төмөнкү бойлоруна тараган маданият. Негизинен чопо идиш-аяктары, таштан жасалган эмгек куралдары табылган. Амур маданиятын калтырышкан уруулар көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашап, аңчылык менен тиричилик кылышкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1