Аму-Дарыя казынасы – Грек-Бактрия дооруна (биздин заманга чейинки 4–2-кылым) таандык эстелик. 1877-ж. Самаркандан Кундузга кеткен жолдогу Аму-Дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. Аму-Дарыя казынасынын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-ж. Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген. Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык жана башка бар. Байыркы көчмөн сак жана скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү