Анаксагор ( байыркы грекче Ἀναξαγόρας, б.з.ч. 500—428-ж. ченде) жашап өткөн байыркы грек философу. Клаземенде туулган, дээрлик бүткүл өмүр бою Афинада жашап өткөн. Бул ишмердиги Кичи Азия менен Сицилиянын гректик шаарларында эмес, Грециянын өзүндө өткөн биринчи грек философу. Ал тектүү жерден чыккан, бирок бардар турмуштан баш тартып, өмүрүн философияга арнаган. Ал Афинада философияны окуткан биринчи философ болгон. Анаксагор, ошондой эле илимий иштерди да, атап айтканда математика, астрономия, метеорология жагында изилдөө иштерин жүргүзгөн. Өзүнүн изилдөөлөрүндө ал күн жана башка асман жылдыздары кудайлар эмес, Жерден бөлүнүп чыккан чоң кесек нерселер деген корутундуга келет. Бул окуусу үчүн Анаксагор Кудайларды урматтабайт деп айыпталат. Анын үстүнөн сот болуп, кудайсыз ден айыпталып, Афинадан кууп жиберилет.

Анаксагор

Клазамендик Анаксагор
Толук аты-жөнү Анаксагор Ἀναξαγόρας
Төрөлгөн б.з. 500 жыл мурун
Клазомен
Көз жумган б.з. 428 жыл мурун
Лампсак
Кызыккан темалар Астрономия, Математика, Философия

Анаксагор өзүнөн мурдагы байыркы грек философторундай эле дүйнөнүн негизи эмне деген суроону коёт. Өзүнөн мурдагылардан айырмаланып, ал дүйнөнүн негизин нерселердин уруктарынан — майда материалдык бөлүкчөлөрдөн көргөн, муну гомеомериялар деп атаган. Анаксагор боюнча дүйнө түбөлүктүү, ал жаратылган эмес жана жок болуп да кетпейт. Ар бир нерсе ар бир уруктан турат, нерселердин мүнөзү жана алардын касиеттери уруктун тигил же бул тибинин коп болушуна байланыштуу. Мисалы, сөөктө ар түрдүү уруктар бар, бирок анда майда сөөкчөлөр басымдуулук кылат, этте да ар кыл түрдүү уруктар бар, бирок анда эттин майда бөлүкчөлөрү көбүрөөк. Ар бир жеке нерсенин курамында катышып турган башка уруктар жөн гана көзгө байкалбайт. Муну менен Анаксагор философияга нерселердин сапаты алардын касиеттеринин сандык ченине көз каранды деген түшүнүктү киргизген. Бардык нерселер «жалпы окшош» урук-бөлүкчөлөрдөн пайда болот, бул: «бардыгы баардык нерседе бар», «баардык нерседен баардыгы жаралат» деген эки постулат менен түшүндүрүлөт.

Нерселер пайда боло турган уруктар Анаксагор тарабынан инерттүү кыймылсыз бөлүкчөлөр катарында түшүнүлгөн. Бул уруктарды кыймылга келтирип, аларды бириктирип жана ажыратын турган нерсе акыл (нус) болуп саналат. Философиянын тарыхында Анаксагордун нусун (мисалы Платон) рухтук башталыш катарында түшүндүрүүгө аракеттер жасалган, бирок иш жүзүндө акыл Анаксагордо руханий нерсе катарында да жана материалдык механикалык күч катарында да түшүнүлөт. Акыл дүйнөдөгү тартипти жөнгө салып турат. Анаксагордун нусу дүйнөдөгү тартиптин себеби же негизи катарында чыгат.

Тааным жагында Анаксагор башкы роль сезимдерге таандык деп эсептеген. Бирок ал сезим таанымын абсолютташтырган эмес, анткени сезимдерге ишенимдүүлүк, акыйкаттуулук жетишпейт жана алардын көрсөткөндөрү түзөтүүнү талап кылат деп түшүнөт. Тааным процессинде ал акылга чоң маани берген, анткени нерселер пайда боло турган уруктарды түздөн түз кабылдоого болбойт, биз алардын бар экендигин акылга салып гана билебиз, аларды акыл менен гана түшүнүүгө болот дейт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1