Анализдегич (оптикада) – жарык поляризациясынын мүнөзүн изилдөөчү оптикалык курал. Тегиздикте сызыктуу поляризацияланган жарыкты байкоо үчүн, поляризация тегиздигинин азимутун жана жарым-жартылай поляризацияланган жарыктын поляризация даражасын табуу үчүн Анализдегичтин милдетин аткаруучу поляризациялык призмалар, поляроиддер, кээ бир кристаллдардын пластинкасы колдонулат. Поляризацияланган жарыкты анализдөө үчүн көбүнчө эллипстик же циркулярдык поляризацияланган жарыкты тегиздикте поляризацияланган жарыкка айлантуучу компенсатор деп аталуучу атайын прибор колдонулат (к. Поляризация приборлору).

Колдонулган адабияттар түзөтүү