Анализдик-синтездик метод

Анализдик-синтездик метод - анализ менен синтезди айкалыштырып колдонуу аркылуу окутуу. Дидактикада бул метод алгач сабаттуулукка үйрөтүүдө колдонулган. Анткени сабаттуулукка үйрөтүү негизинен сөздүн составын жана анын тыбыштарынын удаалаштыгын кабыл алууга (тыбыштык анализ) жана графикалык белгилери боюнча сөздүн тыбыштык түзүлүшүн калыбына келтирүүгө (тыбыштык синтез) таянат. Анализдик-синтездик метод маселе чыгарууда да кеңири колдонулат. Мында маселе курамдык бөлүктөргө бөлүнөт, башкача айтканда маселенин берилишинен анын шарты, талабы, суроосу өзүнчө бөлүнүп алынат, маселенин шарты белгилүүлөргө жана белгисиздерге ажыратылат, андан кийин кандайдыр бир ырааттуулукта майда суроолорго жоопторду табуу менен акырында маселенин талабын, суроосун канааттандырган жооп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1