Анализдик химия - заттардын химиялык курамын жана түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын изилдөөчү илим. Ал 19-кылымдын башында калыптанган. Анализдик химия анализдин максатына жараша сапаттык жана сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендиги аныкталат. Сандык анализде булардын сандык катыштары табылат. Химиялык анализ элементтик, молекулалык жана фазалык болуп үчкө бөлүнөт. Органикалык эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми органикалык заттардын химиялык жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ менен катар молекулалык анализ жүргүзүлөт. Анализдик химиянын методдору химиялык, физикалык-химиялык жана физикалык болуп үч топко бөлүнөт. Химиялык методдор аныкталуучу зат менен тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) жана газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден эркин же химиялык бирикме түрүндө бөлүп алынып, анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концент-дагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды жана химиялык касиеттери боюнча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физикалык-химиялык жана физикалык методдор колдонулат. Буларга рефрактометрлик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохимиялык жана башка ыкмалар кпрет. Өнөр жайдагы технологиялык процесстерди көзөмөлдөөдө жана айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо анализдик химия ыкмаларынын мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1