Анализ (адабият таанууда)

Анализ (адабият таанууда) - көркөм текстти изилдөө максатында талдоо жүргүзүү. Адабий чыгармага анализ берүүдө чыгарманын идеясын, темасын, андагы образдарды, тилин талдоо жана жалпы комплекстик анализдөө менен ишке ашырылат. Анализ адабият таануунун негизги ыкмасы болуп саналат. Ал дүйнөнү таанып-билүү процессинде жана практикада маанилүү роль ойноп, синтез менен ажырагыс биримдикте болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1