Аналитизм (тил илиминде) (грекче analysis ажыратуу, бөлүү) - сөздөрдүн сөз жасоочу жана форма жасоочу бөлүктөрдөн турган абалы. Мисалы, «соодагерлердин» десек, ал «соода + гер + лер + дин» деп ажырап кетет. Бул үлгү менен башка сөздөрдү жасоого болот. Мында сөздүн уңгусу «соода», ага -гер мүчөсү уланып, жаңы сөз пайда болду, -лар мүчөсү ошол жаңы сөздүн көптүгүн билдирсе, -дин жөндөмө мүчөсүн түшүндүрөт. Буга окшогон көрүнүштү этиштен да байкоого болот. Этиште форма жасоочу элементтер сөз менен берилиши да ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1