Аналитикалык жана Синтездик ой жүгүртүү

Аналитикалык жана Синтездик ой жүгүртүү. түзөтүү

Аналитикалык ой жүгүртүү чындык таза логикалык анализ жолу менен ишке ашат (терминдер, баяндоолор).

Синтездик ой жүгүртүү ички маалыматка, логикадан сырткары чындык билимдерге акырындык менен кайрылуунун натыйжасында негизделет.

Аналитикалык жана Синтездик ой жүгүртүү деп бөлүү Лейбницте байкалат. Ал «акыл-эстин чындыгы» жана «фактынын чындыгын» айырмалайт. Аналитикалык жана Синтездик ой жүгүртүү терминдерине Кант ачык формулировка берет. Синтездик ой жүгүртүү. Канттын ою боюнча, априордук болушу да мүмкүн деген. Азыркы кездеги логикада жана илимдин методологиясында Аналитикалык ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну менен Аналитикалык ой жүгүртүү дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү менен байланыштуу. Ал эми синтездөө болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык рамкасында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу.


Колдонулган адабияттар түзөтүү