Аналогиялуу органдар (грекче analogos окшоштук) - ар башка систематикалык топко кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары боюнча окшош болгону менен келип чыгышы боюнча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экологиялык чөйрөгө ыңгайланышынын, башкача айтканда конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз өөрчүгөн. Мисалы, сөөктүү жана кемирчектүү балыктардын дене жана сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу жана башка.

Колибрилер (канаттуулар‎) & Macroglossum stellatarum (курт-кумурскалар‎).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1