Ананьев Николай Яковлевич

Ананьев, Николай Яковлевич‎»‎ барагынан багытталды)

Николай Яковлевич Ананьев (1912-жылы Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районундагы Сазоновка кыштагында (азыркы Ананьево)) туулган ― 1941-жылдын 16-ноябры) ― Кызыл Аскеринин жоокери, Советтер Союзунун баатыры (1942)[1], Ленин орденини ээси.

Эмгек жолу

түзөтүү

1941-жылы ― Кызыл Аскердин катарына чакырылганга чейин Сазоновкада колхозчу болгон.
Аскерге чакырылган соң, Москваны нацист чалгынчыларынан коргоого катышкан.
1941-жылы 16-ноябрда нацисттер Москвага чабуул койгондо, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир жол разъездин коргогон 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, баатырларча курман болгон.

Кошумча маалымат

түзөтүү

Кийин өзү төрөлүп-өскөн кыштагына анын наамын ыйгарышкан.

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 21 июля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 23 июля (№ 28 (187)). — С. 1.