Анарбаев Батырбек 1938-жылы 5-майда Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.

  • 1955- жылы Көк-Арт орто мектебин,
  • 1958-жылы Ташкент шаарындагы «Бухгалтердик техникумду» артыкчылык диплом менен аяктаган.
  • Эмгек жолун 1958-жылы “Ленин Жол” колхозунда башкы экономист болуп иштөөдөн баштаган.
  • Колхоздогу “Комсомол уюмунун” секретарлыгына шайланып, комсомолдун Республикалык съездине катышкан.
  • 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
  • 1963-1965-жылдары “Дружба”совхозунун башкы бухгалтеринин орун басары,
  • 1965-1978-жылдары “Тайгараев” совхозунун башкы экономисти, башкы бухгалтери, партиялык уюмдун секретары,
  • 1978-1991-жылдары “Дружба” совхозунда башкы экономист, директордун экономика боюнча орун басары,
  • 1991-1997-жылыдары Жалал-Абад областтык айыл-чарба башкармасынын башчысынын экономика боюнча орун басары, областтык Кеңештин төрагасынын айыл-чарбасы боюнча орун басары, областтык экономика жана финансы башкармасынын башчысы, областтык финансы башкармасынын башчысынын экономика боюнча орун басары болуп иштеген.
  • Рыноктук экономиканын башаты болгон чарбалык эсепти, аренданы турмушка ашырууда анын тажрыйбасы буклет болуп басылып чыккан.
  • 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» деген ардактуу наам берилген.
  • Кыргызстан журналистер союзунун мүчөсү, эки көлөмдүү повесттин, төрт көлөмдүү поэманын, аңгеме, новеллалардын жана ырлардын автору,
  • 1998-жылы «Аруу Махабат» аттуу китеби басылып чыккан.
  • 1990-жылы Ош областтык кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Бир канча медалдардын ээси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3