Алля Анаров

Анаров Алля‎»‎ барагынан багытталды)

Анаров Алля [1907, Ош облусу, Араван району, Ачы (Беш-Бадам) айылы - 1979, ошол эле жерде] - айыл чарба өндүрүш новатору, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго кирген. 1936-51-жылы Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдыңкы агротехникалык ыкмаларды колдонуп, 1948-49-жылдары 6 гектар жердеги, 1950-жылы 10 гектар жердеги пахтанын ар гектарынан мол түшүм өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-жылы ошол эле колхоздун талаачылык бригадасынын, 1962-67-жылдары пахтачылык бригадасынын бригадири. 1967-68-жылдары жаңы уюшулган «Пахтачы» совхозунун пахтачылык бригадасын жетектеп, ал совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси болгон. 1958-62-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1951-59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1