Башбаракты ачуу

Анау маданияты - энеолит жана коло дооруна (биздин заманга чейинки 5-3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал маданиятка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-жылы, кийин америкалык геолог Р. Пампелли 1904-жылы, немец археологу Г. Шмидт жана башка изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар жана башка табылган. Бул археологиялык табылгалар Орто Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга - Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар Анау маданиятын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау маданиятынын 30га жакын эстелиги белгилүү.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1