Анафористик мамиле — эки айтылыштын (сөз, сүйлөм) бири экинчисине шылтоо, себеп болгондогу мамиле.
Анафористик мамиледе айтылыштардын ортосунда айкын синтаксистик байланыш жок болот, мис., «Ата-энеси жок, жетим өстү; Асанга бирин эле бер, калганы сенде болсун; Барсам үйүндө жок, кетип калыптыр». Бул сүйлөмдөрдүн эки бөлүгү бири бирин түшүндүрүп, себебин билдирип турат. Анафористик мамиленин биринчи мүчөсү антецедент, экинчиси анафор деп аталат. Маанилерин толук ачуу үчүн бир эле синтаксистик мамиле жетишсиз болуп, Анафористик мамилени талап кылган сөздөр анафористик сөздөр деп аталат. Алардын ичине көпчүлүк ат атоочтор жана ат атоочтук сөздөр кирет. Ошондой эле, Анафористик мамилебашка сөз түркүмдөгү сөздөрдө да болушу мүмкүн: ошондуктан, себеби, кийин, ошондо, тескерисинче, кайта, жана, ошондой эле, дагы ж.б. у.с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4