Анаэробдук шарт - чөйрөдө кычкылтек газы аз өлчөмдө болуп же такыр жок болгон абал. Көбүнчө жер алдында кездешет да, чириген субстраттарга кирет. Ошондой эле атмосферада кычкылтеги жок чөйрө да боло алат. Мындай шарттарда кычкылтекти талап кылбаган организмдер жашай алат. Алар органикалык, кай бирлери органикалык эмес заттарды кычкылдандырып, бөлүнүп чыккан энергияны алуучулар да кездешет, мисалы, кызгылтым бактериялар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1