Ангара-пит темир кенташтуу бассейни

Ангара-пит темир кенташтуу бассейни - Россиядагы темир кендери жайгашкан ири аймак. Краснояр крайындагы Ангара жана Чоң Пит дарыясынын аралыгында. Аянты 135 миң км2. Темирдин эсептелген запасы 855 одан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орточо өлчөмү 39,440,4%. Мында 1946-49-жылы 3 кен ачылган, бирок алар азырынча казылып алына элек. Алар бир аз метаморфизмделген чөкмө кендердин тибине кирет. Калыңдыгы 80-100 м, узундугу 15 кмге жеткен кенташтуу горизонт протерозой мезгилинин терриген тоотек катмарларынын арасында жатат. Темирлүү кабаттар тик (45-65°) жайгашып, 600 м тереңдикке чейин жетет. Кенташ негизинен гидрогематит, гематит, сидерит жана гетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематиттүү, хлорит-гематиттүү жана сидерит-гематиттүү болуп бир нече типке бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1