Ангиология (жаңы латынча angiologia, грекче аngeion — кан тамыр жана ...логия) — анатомиянын кан жана лимфа тамырларын изилдөөчү бөлүгү. Гален (биздин заманга чейинки 2-кылымда) артериянын ичинде аба эмес, кан болорун, ал эми жүрөк аны айландырарын далилдеген. Ангиологиянын негизи 17-кылымда кан айлануунун чоң жана кичине тегереги жана лимфа системасы түшүндүрүлгөндөн кийин калыптанган. 19-кылымда англиялык хирург жана анатом А. Купер, орус окумуштуусу Н. И. Пирогов артериянын топографиялык анатомиясын түзүшкөн. Азыркы ангиология кан тамырдын чоюлгучтугун, кан тамыр түтүгүн анын капталдарын, кандын жана лимфанын жылышын, ошондой эле органдарды кан менен камсыздоо жана андан чыгуу жолдорун изилдейт. Ангиологиялык изилдөөлөр функциялык жана клиникалык багытта жүргүзүлөт. Негизинен изилдөө методдору рентгенология, иньекция, жарык жиберүү жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1