Англия-Афган согуштары - Улуу Британиянын Афганстанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согушу (1838-42) англичандардын Афганстандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-жылы аягында англичандар Афганстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат.

Экинчи Англия-Афган согушу.

Экинчи Англия-Афган согушу (1878-80) Англиянын Афганстандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла-хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганстандын толук көз каранды эместигин тааныган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1