Англия-Кытай согушу - биринчи «апийим» согушу (1840-42) - Англиянын Кытайды өзүнө көз каранды кылып алуу үчүн жүргүзгөн согушу. 19-кылымдын башында англичандар мыйзамсыз түрдө Индиядан Кытайга апийим ташып турушкан. Бул Кытайдын коопсуздугуна, экономикасына чоң коркунучту пайда кылган. Ага каршы 1839-жылы Кытайдын өкмөт комиссары Линь Цзе Сюй англичандардын Гуанчжоудогу кампаларындагы 20 миң ящик апийимин камакка алган. 1840-жылы Улуу Британиянын тышкы иштер министри Пальмерстон 16 аскер кемесинен турган эскадраны Гуанчжоуну курчоого алууга жөнөтүп, англичандар Кытайдын Шанхай, Динхай, Нинбо жана башка шаарларын басып алган. «Биринчи апийим согушунда» кытайлыктар жеңилүүгө учурап, 1842-жылы тең укуксуз Нанкин келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Келишим боюнча Кытайдын Сямынь (Амой), Гуанчжоу (Кантон), Фучжоу (Фучоу), Нинбо (Нинпо) жана Шанхай чет өлкөлүктөргө соода жүргүзүү үчүн ачык деп жарыяланып, Сянган (Гонконг) Улуу Британияга берилген.

Англия-Кытай согушу.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1