Ангола-Конго алмаз провинциясы

Ангола-Конго алмаз провинциясы - алмаздын запасы жана казып алынуусу боюнча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Республикасынын жана Конго Демократиялык Республикасынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң км2. Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) жана 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) жана 250 (Конго). 1907-жылы Касан дарыясынын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы менен байланышкан. Алар негизинен провинциянын түштүк-чыгыш чеги боюнча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, анын ичинен эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо - бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен - антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум менен шагылдан (зергерлик алмаздын 65-85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы жана кимберлиттердеги байыркы кенчачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, анын ичинен Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1