Ангстрем Андерс Йонас
Ангстрем Андерс Йонас (1814–1874) – швед физиги жана астроному.
Лёгде шаарында туулган. Упсала университетин бүтүрүп, ошол эле ун-те профессор (1858-ж.), 1870-жылдарда ректору болуп иштеген. Ангстрем спектроскопия жана спектралдык анализдин негиз салуучуларынын бири. 1868-ж. күн нурунун спектринин атласын түзгөн. Андан тышкары Ангстрем жылуулук, магнетизм кубулуштарын жана металлдардын касиеттерин изилдеген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0