Андаман аралдары - Инди океанынын түндүгүндө, Бенгала булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында. Индиянын Андаман жана Никобар аралдары союздук аймагынын бпр бөлүгү. Аянты 6 миң км2ден ашык. Суу астындагы тоолордун чокуларында жайгашкан, түндүктөн түштүккө карай 350 кмге созулат. 204 аралдан турат; ирилери: Түндүк, Ортоңку, Түштүк, Кичи Андаман аралдары. Жээктер өтө тилмеленген, ыңгайлуу бухталары көп. Айрым жээктери коралл рифи менен курчалган. Өтө тилмеленген жапыз тоо рельефи басымдуу; бийиктиги 729 мге чейин (Садл-Пик чокусу). Абанын жылдык орточо температурасы 28°С; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дайыма жашыл троппк токою өсөт. Жыгач даярдалат. Шалы эгилет. Кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат. Түштүк Андаман аралында Порт-Блэр шаары жайгашкан. 2004-жылкы Инди океанындагы жер титирөөгө байланыштуу пайда болгон катуу цунамиден өтө жапа чеккен.

Андаман аралдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1