Андаш жез кени [[Талас району|Талас районунда]], Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталында Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-ж. табылып, 1982–85-ж. издөө жана 1986–1988-ж. баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана аны жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Руда ордовик жана силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери менен гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып, серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон руда тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минералдары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит ж. б. Негизги компоненттери: жез, алтын. Жездин рудадагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы 1,83 г/m. Болжол ресурсу: жездики 29953 m., алтындыкы 15 m.

Колдонулган адабияттар түзөтүү