Андрахнадай скутеллярия

Андрахнадай скутеллярия (Scutellaria andrachnoides), (Vved) - Көп сандаган, узундугу 4–12 см, түз, тик, ичке, жөнөкөй сабактуу, жыш жана кичинекей түкчөлөрүнөн көгүлтүр көрүнгөн жарым бадалча. Жалбырактары сабагында эки жуп санда, бийиктиги 0,5–1,5 см, туурасы 0,3–1,3 см, жазы жумурткадай, жүрөк сымал же тоголок тектүү, учсуз, бүтүн кырдуу, жыш жана кичинекей түкчөлөрүнөн көгүлтүр-жашыл көрүнгөн, тыкыс, кабыктуу. Гүл астындагы жалбырактарынын узундугу 0,5–1,0 см, туурасы 2,5–6,0 мм, жазы жана ичке жумуртка сымал, жаргактуу. Учундагы гүл топторунун узундугу 2 см ге чейин, жумурткадай узунча, тыкыс, каптал гүл топтору жогорку жалбырактарынын колтугунда жайгашып, бир топ кыска – 1 см. Чөйчөкчөсү кыска түкчөлүү жана безчелүү, узундугу 2 мм, өтө жука, мөмөлүгүндө бир аз чоңойгон. Гүл коргону чакан, узундугу 1 см.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Сентябрга чейин гүлдөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Фергана өрөөнүнүн Кыргызстан бөлүгүндөгү тоо этектери жана Нарын дарыясынын нугунда өсөт.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо этектериндеги алкактарындагы аскалар.

Саны түзөтүү

Өтө эле аз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Ар түрлүү чарбачылык иштер жана гүлдөрүн жыйнап терүү өсүмдүктүн жыйынын жана кайрадан өсүп өнүүсүн басаңдатат.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине (1984),Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген. Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясынын абалын тактап жана түр максималдуу кездешкен аймактарды аныктап, коргоого алынуучу жерлерди тактоо зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Нарын ойдуңунун бир аз бөлүгүнө тиешелүү, өтө сейрек кездешкен, аскада өскөн, кууш эндем түр. Декоративдүү өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү