Андрей Рублёв (1370-жыл чен - 1430-жыл чен, Москва, Андроников монастыры) - байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. Андрей Рублёвдун[1] көз карашынын калыптанышына 14-кылымдын 2-жарымы - 15-кылымдын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын орто кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-кылым, Третьяков галереясы) жана башка] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы менен адеп-ахлагынын күчүн көргөзгөн. Андрей Рублёвдун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган:Владимирдеги Успен соборунда жана Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында Андрей Рублёв өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков галереясы) иконасын жараткан (1412- же 1427-жыл чен). «Үч периштенин» стили 15-кылымдын 2-жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол менен 1410-жылы «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы менен толукталган. Андрей Рублёвдун чыгармалары маалыматтар боюнча толугу менен бизге жеткен жок. Болжол менен анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил менен Андрей Рублёвго таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-жылы өрттөнүп кеткен. Андрей Рублёв көпчүлүк чыгармаларын шериктери менен бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча Андрей Рублёв менен Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борб. сводунун батыш бөлүгүн Андрей Рублёв, ал эми түштүк нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. Андрей Рублёвдун искусствосу 15-кылымдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-жылы Андронников монастырында Андрей Рублёв атындагы Байыркы орус искусствосунун музейи ачылган. Андрей Рублёвду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  1. http://www.icon-art.info/book_contents.php?lng=ru&book_id=7&chap=8&ch_l2=10