Анемометр (б.-грек. ἄνεμος — шамал жана μέτρον — өлчөм) — шамалдын жана газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Бир нече түрү бар. Кармап жүрмө анемометр практикада көп пайдаланылат. Ал томпок жактары бир жакты карап турган 4 чөйчөкчөдөн турат. Чөйчөкчөлөр ок темирдин жогору жагына кайчылаштырып бекитилет; алар шамалдын таасиринен кыймылга келип, кыймыл ок темирдин төмөнкү учундагы эсептөө куралынын жебесине берилет. Айлануу санына жараша шамалдын орточо ылдамдыгы аныкталат. Желдеткич түтүктөр менен каналдарындагы аба агымынын орточо ылдамдыгын аныктоодо баралуу анемометр колдонулат.

Aнемометр.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1