Анжелина Жоли Питт (англ. Angelina Jolie; /dʒoʊliː / joh-lee; née; төрөлгөндөгү фамилиясы Войт; 1975-жылдын 4-июнунда туулган) - америкалык актриса, кинорежиссер жана филантроп. Ага “Оскар” сыйлыгы, эки жолу АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгы, үч жолу “Алтын глобус” сыйлыгы ыйгарылган жана Голливуддун эң кирешелүү актрисасы катары таанылган. Анжелина Жоли өзүнүн чыгармачылык жолун алгач 1982-жылы “Жолду издей” (англ. Lookin' to Get Out) комедиялык тасмасында атасы Жон Войт менен бирге тартылуудан баштаган. Анын актрисалык карьерасы арадан он жыл өткөн соң “ Киборг-2” (англ. Cyborg 2) аттуу бюджети аз фантастикалык тасмада роль жаратуу жана “Хакерлер” (англ. Hackers, 1995) деген тасмада башкы ролду ойноо менен уланган. Көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгон "Жорж Уоллес" (англ. George Wallace, 1997) телевизиондук тасмасында жана “Жиа” (англ. Gia) тасмасында ойноп, “Кыз, үзүлгөн өмүр” (англ. Girl, Interrupted, 1999) тасмасындагы ролу үчүн “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” номинациясында “Оскар” сыйлыгын алган.

Angelina Jolie (2021)

Анжелина Жолинин “Лара Крофт: Мүрзө каракчысы” (англ. Lara Croft: Tomb Raider, 2001) деген компүтердик оюндун негизинде тартылган тасмадагы ролу аны Голливуддун алдыңкы актрисасы катары тааныткан. Актрисага “Мырза жана айым Смиттер” (англ. Mr. & Mrs. Smith, 2005), “Издөөдө” (англ. Wanted, 2008), “Солт” (англ. Salt, 2010) деген тасмаларында жараткан каармандары ийгилик алып келсе, “Күчтүү жүрөк” (англ. A Mighty Heart, 2007) тасмасы коомчулуктун мактоосуна арзыган, “Чоочун бала” (англ. Changeling, 2008), тасмасындагы оюну үчүн “Эң мыкты актриса” номинациясында “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2010-жылдан тарта Анжелина Жоли “Кан менен балдын жеринде” (англ. In the Land of Blood and Honey, 2011) жана “Сынбаган” (англ. Unbroken, 2014) тасмаларынын сценарийин өзү жазган, өзү режиссер жана продюсер болгон. “Малефисента” (англ. Maleficent, 2014) тасмасы актрисага эң көп киреше алып келген.

Кинодогу чыгармачылык ишмердүүлүгүнөн тышкары Анжелина Жоли өзүнүн кайрымдуулук иш-чараларына кошкон салымы үчүн дагы белгилүү. Актрисага гуманисттик ишмердүүлүгү үчүн Америка кинематография академиясынын Жин Хершолт атындагы сыйлыгына ээ болгон жана көптөгөн сыйлыктар менен бирге эле британиялык Ыйык Михаил жана Ыйык Георгий ордени ыйгарылган. Анжелина Жоли аялдардын укуктары, билим берүү сыяктуу маселелер менен алектенип, БУУнун качкындар боюнча жогорку коммиссарынын ыктыярдуу элчиси катары таанымал. Актриса АКШдагы оюн-зоок тармагындагы эң таанымал жана таасирдүү инсан жана коомдук ишмер катары атагы чыккан, ар түрдүү медиа каражаттары тарабынан “дүйнөдөгү эң сулуу аял” деген наам берилген. Актрисанын жеке жашоосу коомчулукта кеңири талкууланып келет. Анжелина Жоли мурунку күйөөлөрү Жонни Ли Миллер, Билли Боб Торнтон менен ажырашкан, 2016-жылдын сентябрь айынан тарта үчүнчү жубайы актер Бред Пит экөө дагы бөлөк жашай баштаган. Алардын алты баласы бар, перзенттеринин үчөөсүн ар түрдүү мамлекеттерден багып алышкан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү