Анжиян (кыштак) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 23 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 4 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3760 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, кафе, чайкана, оорукана жана башка бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1