Аношин Александр Григорьевич

Аношин Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыштагы 1958) - Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905-07-жылы Уфа жана Омск шаарында революцияга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль революциясынан кийин Ош шаарында большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги менен уезддик борбордун большевиктери 1918-жылы Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-жылы басмачыларга каршы күрөштү уюштуруп, аны жетектеген. 1919-24-жылдары Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1