Антенна
Антенна (латынче: antenna — мачта, бийик мамы) толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу жана таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу антенна келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу антеннада, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. Антеннанын формасы, өлчөмү жана конструкциясы таралуучу жана кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна жана антеннаны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле антенна толкунду таратат жана кабыл алат. Таратуучу антенна катары колдонулган вибраторду пайдаланып, 1888-жылы немец физиги Г. Герц (Герц диполу) 1=0,6-10 м толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-жылы орус илимпозу А.С.Попов жана ага байланышпастан эле италиялык инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу антеннаны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот. Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэффициенти (БАК) киргизилген. Узун толкундарды таратууда колдонулуучу антеннанын бийиктиги 300 мге жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон жана пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал антенна пайдаланылат. Орточо толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит антенналары колдонулат. Кыска толкундуу антенна байланыш линиясынын узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу жана ромбдук антенналар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн антенналар бийиктиги 100—300 м жана андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги антенналар менен кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта жана радиоастрономияда синфазалык беттик антенналар кеңири таралган. Бул толкундарда колдонулган линзалуу антенна линзадан жана анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу антеннанын бир түрү — рупордуу-линзалуу антенна чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон жана анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү антенна параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн жана нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу жана кабыл алуу үчүн спиралдуу жана диэлектрдик антенналар, импеданс антеннасы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик жана сантиметрдик толкундар диапазонунда иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес антенналар кеңири колдонулуп жатат. Мындай антеннанын кеңири таралган түрү — логомезгилдүү антенна.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1