Антигониддер - Македониядагы падышалардын династиясы (биздин заманга чейинки 306-168-жылы). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306-301-жылы бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301-286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283-239-жылдары башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221-179) кеңири эларалык саясат жүргүзүп, 215-жылы карфаген кол башчысы Ганнибал менен союз түзгөн. Грекцияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Антигониддернын мурасчысы уулу Персей (179-168) 168-жылы Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1