Антикалык дүйнө (латынча, antiquitas - байыркы, эзелки) — Байыркы Грекия (эллинизм доору кошо) жана Байыркы Рим менен байланышкан байыркы дүйнө тарыхынын этабы. Гректердин, римдиктердин байыркы ар кыл мурастарына (антикалык искусствонун чыгармаларын чогултуу, Байыркы Грекия менен Римдин тарыхын изилдөө) кызыгуу зор болгон Кайра жаралуу доорунан баштап «антикалык искусство», «антикалык адабият», «антикалык тарых», «антикалык маданият», «антикалык философия» деген түшүнүктөр пайда болгон. Ал өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык тарыхын изилдеп билүүгө болгон кызыгуунун күчөшүнөн улам «антикалык коом», «антикалык шаар», «чарба жүргүзүүнүн антикалык системасы» деген түшүнүктөр келип чыккан. Антикалык коомдо өндүрүштүн негизги каражатына (жерге) общинанын - полистин толук укуктуу мүчөсү гана эгедер боло алган. Полистик түзүлүштүн негизин элдик чогулуш түзгөн жана ал бардык маанилүү маселелерди чечкен. Байыркы коомдо полистин толук укуктуу жарандарынын саясий турмушка жана мамлекеттик башкарууга катышуусуна мүмкүнчүлүк берген демократиянын пайда болушунун зор мааниси болгон. Азчылыкты түзгөн эркин калктын артыкчылыктарга ээ болуусуна карабастан, бул өз мезгили үчүн шилтенген ири кадам эле. Бирок бардык эле полистерде демократия кеңири жайылтылган эмес. Бир катар грек мамлекеттери (Афины, Коринф жана башка) жана Рим сыяктуу байыркы коомдордун өнүгүшүнүн белгилүү бир учурунда өндүрүштүн негизги тармактарында кул эмгеги кеңири пайдаланып, бул эмгек башкы өндүргүч күчтөрдүн бири болуп калган. Байыркы коомдо адамзаттын баалуу мурастары түзүлгөн. Философия, адабият, архитектура өнүгүүнүн жогорку чегине жеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1