Антиклиналь (анти... жана грекче klino - төмөн ийем), антиклиналь бүктөлүүсү тоо-тек катмарларынын балык жон тартып бүктөлүшү. Антиклинальдын борбордук бөлүгү эзелки, ал эми чет жактары кийинчээрек пайда болгон катмарлардан турат. Антиклиналь бир нече смден жүздөгөн мге созулушу мүмкүн. Антиклинальдын ийилген жери - кулпусу, капталдары канаттары, ошол канаттарынын кошулган жери октук бети деп аталат. Октук бет менен канаттардын мейкиндикте жайгашуусуна жараша тик, жантык, көтөрүлгөн жана жатып калган антиклиналь деген түрлөргө бөлүнөт. Узуну туурасынан бир нече эсе ашыктык кылса - сызыктуу антиклиналь, ал бир аз чоңураак болсо, казанбак (купол) деп аталат.

Антиклиналь.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1