Антиферромагнетизм — кристаллдык заттын магниттик ирээттүүлүккө ээ абалы. Мындай абалда заттын бардык атомунун же коңшу атом тобунун магниттик моменттеринин багыттары кристаллдын элементардык ячейкасынын жыйынтыктоочу магниттик моменти нөлгө барабар болгондой багытталат. Антиферромагниттик иретке ээ болгон заттар антиферромагнетик (АФМ) деп аталат. Алмашылма өз ара аракеттешүү антиферромагнетизмге алып келе тургандыгын биринчилерден болуп Л.Неель (1932), ошондой эле Л.Д Ландау (1933) да айткан жана парамагниттик фазадан антиферромагниттик фазага өтүү кубулушун изилдеген. А. Неель чекити деп аталган температурада байкалат. Антиферромагнетизмдин пайда болушуна өз ара алмашылма аракеттешүү себепкер. Мындай аракеттешүү спиндердин антипараллель спиндердин пайда болушуна алып келет. Антиферромагнетизмдик изилдөөлөр азыркы магнит кубулушунун физикасы жөнүндөгү көз караштын өнүгүшүнө зор салым киргизди. Жаңы ферромагнетиктер, геликоиддик структура жана башка ачылды; жаңы кубулуштар: пьезо-магнетизм, магнит-электр эффектиси байкалды; магнетиктерде өз ара аракеттешүүнүн типтери жана башкалар кеңейди.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1