Антоним
«Антоним» (б.-грек. ἀντι- каршы + ὄνυμα — «аталыш») — Карама-каршы маанидеги сөздөр же сөз айкаштары.
- Аргымактын куйругу –
Бирде жибек, бирде кыл.
Азаматтын жакшысы –
Бирде мырза, бирде кул.
(Алдаш Белек уулу)
Контексттен белгилүү болгондой, бул жердеги Антонимдер: жибек – кыл, мырза – кул. Өзгөрүлмөлүү жана карама-каршылыктуу турмуш көрүнүштөрүн ар тараптуу көркөм ачык берүүдө антонимдер поэтикалык каражат катары кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар.
түзөтүү- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 004
- Сөз жасоонун жолдору